1-берене
Күчүндө · 31.12.2019 редакциясы
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 4-статьянын он экинчи абзацында "буйрук-сунуштарды" деген сөздөр "жазма эскертүүлөрдү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тобокелдиктин даражасына жараша ыйгарым укуктуу орган пландуу текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн аныктайт, бирок тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер жана энергетика тармагындагы тобокелдиктин жогорку даражасындагы текшерүү субъекттерине таандык объекттер үчүн жылына бирден ашык эмес, санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер үчүн - жылына эки жолудан ашык эмес, тобокелдиктин ортоңку даражасындагы субъекттер үчүн - 3 жылда бирден ашык эмес, тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы субъекттер үчүн - 5 жылда бирден ашык эмес жүргүзүлөт.";
3) 12-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жазуу жүзүндөгү көрсөтмө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жазма эскертүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги биринчи абзацында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жазуу жүзүндөгү көрсөтмө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жазма эскертүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө тескеме (буйрук, жазма эскертүү) алардын аймактык жайгашуусун (базасын) эске алуу менен объекттердин тобуна карата макулдашылат.";
в) мамлекеттик тилдеги 4-бөлүгүндө "буйрук-сунушу" деген сөздөр "жазма эскертүүсү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги 14-статьянын 1-бөлүгүндө "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүн" деген сөздөр "жазма эскертүүсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) мамлекеттик тилдеги 15-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацында "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнүн" деген сөздөр "жазма эскертүүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) мамлекеттик тилдеги 16-статьянын 2-бөлүгүндө "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнүн" жана "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөгө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жазма эскертүүнүн" жана "жазма эскертүүгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) мамлекеттик тилдеги 17-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнүн" деген сөздөр "жазма эскертүүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 31.12.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111531/st-1" title="1-берене - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>