# 99-берене. Шектүүнү кармоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 99-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-99

---

1. Шектүүнү кармоо жөнүндө токтом аны алгачкы текшерүү же тергөө органына жеткирилген учурдан тартып чыгарылат. Иш жүзүндө кармалган учурда шектүүгө ага эмнеден шек саналып жаткандыгы жарыяланууга, ошондой эле өзүнө каршы көрсөтмөлөрдү бербөө укугу, адвокат алуу укугу, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдан пайдалануу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.

2. Кармоо жөнүндө токтомдо аны чыгаруунун датасы жана орду, токтом чыгарган адамдын кызматы, фамилиясы, аты, шектүүнүн инсандыгы, кармоо учурундагы анын дене-бой абалы иш жүзүндө кармоонун негиздери жана жүйөлөрү, орду жана убактысы (саатты жана мүнөттү көсөтүү менен) жөнүндө маалыматтар, шектүүгө ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган укуктарды түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар, жеке тинтүүнүн жана телефон менен сүйлөшүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлөт.

3. Кармоо жөнүндө токтом шектүүгө жарыяланат жана тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жана шектүү, ошондой эле коргоочу шектүүнүн иш жүзүндө кармалган так убактысын көрсөтүү менен кол коюшат.

4. Токтомдун көчүрмөсү кармалганга токтоосуз тапшырылат жана 12 сааттык ичинде прокурорго жиберилет.

5. Иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 45 саат өткөнгө чейин, ал эми жашы жетпеген шектүүгө карата 21 саат өткөнгө чейин шектүү ушул Кодекстин 256-беренесинде каралган тартипте анын кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш.

6. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү зарыл болгон учурда коргоо тарабынын өтүнмөсү боюнча кармалгандарды кармоочу жайларда жаткан шектүүгө медициналык кароо жүргүзүүгө, ал эми зарыл болгон учурда, врачтын жардамын да өз убагында (12 сааттан кеч эмес) камсыз кылууга милдеттүү.

7. Алгачкы текшерүү органынын же тергөөчүнүн аракетине (аракетсиздигине) жана чечимине карата кармалган шектүүнүн даттануусу кармалганды кармоочу жайдын начальниги тарабынан токтоосуз сотко жиберилет.

8. Даттануу сот тарабынан тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ушул Кодекстин 256-беренесинде каралган эрежелер боюнча кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө өтүнмөсү менен бир убакта каралат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-100)
