# 98-берене. Кармоонун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 98-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-98

---

1. Кылмышты жана (же) жорукту жасоого шектелгенди кармоо - бул кылмышка жана (же) жосунга бөгөт коюу, кармалгандын кылмышка тиешеси бар экендигин тактоо жана аны камакка алуу жөнүндө маселени чечүү, ошондой эле ушул Кодекстин 61-главасында каралган учурларда жорук жөнүндө өндүрүштү камсыз кылуу максатында кийинкиге калтырууга болбогон учурларда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы же тергөөчү тарабынан колдонулган адамдын ары-бери жүрүү эркинен кыска мөөнөткө иш жүзүндө ажыратуу.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү ал үчүн эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалышы мүмкүн болгон кылмышты, ошондой эле ушул Кодекстин 61-главасында каралган учурларда, төмөнкү негиздердин бири болгондо жорукту жасоодон шектелгендиги боюнча адамды кармоого укуктуу:

1) эгерде адам кылмыш жасаганда жана (же) жорук жасаганда же ал жасалгандан кийин түздөн-түз кармалганда;

2) эгерде көргөндөр, анын ичинде жабырлануучу кылмышты жана (же) жорукту жасаган адам катары ал адамды түздөн-түз көрсөткөндө;

3) эгерде шектенүүчүдө же анын кийиминде, анын жанында же анын турак жайында кылмыштын жана (же) жоруктун даана издери табылганда.

3. Кылмыштарды жана (же) жоруктарды жасоодон шек саноо боюнча адамды кармоо атайын тергөө же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды албаганда, ал кайсы кылмыш жана (же) жорукту жасагандыгы үчүн шек саналгандыгын шектүүгө жарыялоо үчүн жетиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-99)
