# 97-берене. Преюдиция

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 97-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-97

---

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм, ошондой эле маңызы жагынан чечүүчү иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген башка чечими, белгиленген жагдайлар боюнча бардык мамлекеттик органдар, уюмдар үчүн, ошондой эле өкүм, чечимдер чыгарылган адамдарга карата укуктук баа берүү жагынан да, жарандар үчүн милдеттүү. Бул жобо апелляциялык жана кассациялык тартипте соттун өкүмүн жана башка чечимдерин текшерүүгө, жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө, жаңыдан жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоого тоскоолдук кылбайт.

2. Жарандык же администрациялык сот өндүрүшүнүн алкагында кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш өндүрүшүндө турган орган үчүн окуянын өзү же аракеттин болгондугу жөнүндө маселе боюнча гана милдеттүү болот жана айыпкердин күнөөлүү же күнөөсүздүгү жөнүндө тыянакты алдын ала чыгарууга тийиш эмес.

3. Материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселе чечилген соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү жазык өндүрүшүнүн тартибинде чечилбеген маселелердин бөлүгүндө жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө иштерди кароодо сот үчүн бул бөлүктө милдеттүү болот.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-98)
