# 96-берене. Далилдөө процессиндеги илимий-техникалык каражаттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 96-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-96

---

1. Иш боюнча далилдөө процессинде илимий-техникалык каражаттар өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан, анын ичинде жактоочунун өтүнүчү боюнча, ошондой эле ушул Кодексте каралган процесстик милдеттерди аткарууда эксперт жана адис тарабынан колдонулушу мүмкүн.

2. Өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан илимий-техникалык каражаттарды колдонууга көмөк көрсөтүү үчүн адис тартылышы мүмкүн.

3. Төмөнкүдөй учурларда илимий-техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, эгерде ал:

1) ушул Кодекстин ченемдерине жана принциптерине каршы келбесе;

2) илимий жактан негизделсе;

3) иш боюнча өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылса;

4) жарандардын өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз болсо.

4. Өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан илимий-техникалык каражаттарды колдонуу тиешелүү процесстик иш-аракеттердин протоколдорунда жана сот отурумунун протоколунда белгиленет, мында ушул илимий-техникалык каражаттар, аларды колдонуунун шарттары жана тартиби, ушул каражаттар колдонулган объекттер жана аларды колдонуунун жыйынтыктары көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-95)  
Кийинки берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-97)
