# 95-берене. Далилдерге баа берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 95-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-95

---

1. Ар бир далилге тиешелүүлүгүнө, жол берилгендигине, аныктыгына карата, ал эми бардык чогултулган далилдер жыйындысында - ишти чечүү үчүн жетиштүүлүгүнө карата баа берилет.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, сот арачылары, сот иштин бардык жагдайларынын жыйындысын калыс жана жетиштүү түрдө карап чыгууга негизделген өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерди баалайт, мында ал мыйзамды жана ыйманын жетекчиликке алат.

3. Иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайлардын бар экендиги жөнүндө тыянактарды ырастаган, четке каккан же шек туудурган фактылар жөнүндө маалыматтарды камтыса, ишке тиешеси болсо, далил деп таанылат.

4. Далил ушул Кодекстин 82-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык алынса, жол берилген далил катары таанылат.

5. Эгерде изилдөөнүн натыйжасында далил чындыкка дал келгени аныкталса, ал анык деп таанылат.

6. Эгерде ишке тиешеси бар жеткиликтүү жана анык далилдердин бардыгы жыйналса, далилдердин жыйындысы ишти чечүү үчүн жетиштүү деп таанылат.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-96)
