# 86-берене. Эксперттин корутундусу жана көрсөтмөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 86-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-86

---

1. Эксперттин корутундусу - ушул Кодекстин 186-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулган, соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн жүрүшүн жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот тарабынан эксперттин алдына коюлган маселелер боюнча тыянактарды камтыган расмий документ.

2. Эксперттин көрсөтмөлөрү - ушул Кодекстин 187-беренесинин талаптарына ылайык ушул корутундуну түшүндүрүү же тактоо максатында анын корутундусун алгандан кийин жүргүзүлгөн, суракта ал билдирген маалыматтар.

3. Эксперттин корутундусу алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жана сот үчүн милдеттүү болуп саналбайт, бирок алардын корутунду менен макул эместиги тиешелүү түрдө токтомдо, өкүмдө же аныктамада жүйөлөштүрүлүшү керек.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-87)
