# 85-берене. Шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 85-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-85

---

1. Шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү - жазык иши же жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө же болбосо сотто жүргүзүлгөн суракта алар тарабынан айтылган маалыматтар.

2. Кылмышты же жорукту жасоодогу өз күнөөсүн шектүүнүн, айыпталуучунун моюнга алышы иш боюнча далилдер жалпыланып, анын күнөөлүү экендиги ырасталганда гана күнөөнүн негизине коюлушу мүмкүн.

3. Сурактын жүрүшүндө адамдын күбө катары берген көрсөтмөлөрү анын өзүнө каршы далил катары таанылышы жана аны айыптоонун негизине коюлушу мүмкүн эмес.

4. Шектүү өзүнө каршы коюлган шектенүү боюнча, ошого тете иш боюнча мааниси бар өзүнө белгилүү болгон башка жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу.

5. Компетенттүү мамлекеттик органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү адам тарабынан түздөн-түз кабылданган жагдайлар жөнүндө маалыматтар анын макулдугу менен ошол адамды коргоочунун катышуусу менен шектүү, айыпкер катары сурактан кийин далил катары пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-86)
