# 84-берене. Күбөнүн, жабырлануучунун көрсөтмөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 84-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-84

---

1. Күбө ишке тиешелүү бардык жагдайлар, анын ичинде шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун инсандыгы жана анын алар жана башка күбөлөр менен болгон өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүн.

2. Жабырлануучу иш боюнча өндүрүштө далилденүүгө жаткан бардык жагдайлар, шектүү, айыпталуучу менен өзүнүн өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүн.

3. Купуя негизде компетенттүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүп жаткан адам тарабынан түздөн-түз кабыл алынган жагдайлар жөнүндө маалыматтар аталган адамдын макулдугу менен ал күбө катары суракка алынгандан кийин далилдер катары колдонулушу мүмкүн.

4. Кылмыштуу топко же болбосо уюшулган топко же болбосо кылмыштуу уюмга тымызын киргизилген адамга белгилүү болгон маалыматтар анын коопсуздугун камсыз кылуу максатында изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамынын сурагынан кийин далилдер катары, күбө катары пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-85)
