# 83-берене. Иш боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 83-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-83

---

1. Төмөнкүлөр иш боюнча өндүрүштүн жүрүшүндө далилденүүгө тийиш:

1) кылмыш же жорук окуясы (жасалган кылмыштын же жоруктун убактысы, орду, ыкмасы жана башка жагдайлары, анын айынан келип чыккан зыяндуу кесепеттер);

2) адамдын жосунду жасашы же жасабашы;

3) адамдын кылмыш жана (же) жорук жасагандыгына күнөөлүүлүгү же күнөөлүү эместиги, анын күнөөсүнүн формасы жана жүйөлөрү;

4) шектүүнүн, айыпталуучунун жоопкерчилик деңгээлине жана мүнөзүнө таасир этүүчү жагдайлар;

5) шектүүнүн, айыпталуучунун инсандыгын мүнөздөөчү жагдайлар;

6) кылмыш жана (же) жорук менен келтирилген материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын мүнөзү жана өлчөмү;

7) жосундун жазыктык укукка каршы экендигин же болбосо адамдын жасалган жорук үчүн жоопкерчилигин жокко чыгаруучу жагдайлар;

8) кылмыш үчүн же болбосо жорук үчүн жазык жоопкерчилигинен, жазадан жана аны өтөөдөн бошотууга алып келүүчү жагдайлар.

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-84)
