# 82-берене. Далилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 82-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-82

---

1. Алардын негизинде алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор, сот иш үчүн мааниси бар жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктаган, мыйзамда белгиленген тартипте алынган маалыматтар иш боюнча далилдер болуп саналат.

2. Далилдин булактары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) шектүүнүн, айыпкердин, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү;

2) эксперттин корутундусу жана көрсөтмөлөрү;

3) адистин көрсөтмөлөрү;

4) буюм далилдери;

5) атайын тергөөнүн, тергөө жана соттук аракеттердин протоколдору;

6) башка документтер.

3. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган маалыматтар жол берилгис далилдер болуп саналат, юридикалык күчкө ээ эмес жана иш боюнча чечимге негиз болбойт, ошондой эле ушул Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн ар кандай жагдайларды далилдөө үчүн пайдаланылбайт.

4. Жол берилгис далилдерге төмөнкүлөр кирет:

1) коргоочудан баш тарткан (анын катышуусу менен жазуу жүзүндө) учурларды кошпогондо, жазыктык жазалануучу терс жорукту жасагандыгы жөнүндө шектүүнүн көрсөтмөлөрү коргоочу жок сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндөгү маалыматтар, бирок мында анын көрсөтмөлөрү сотто ырасталууга тийиш;

2) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кыйноолорду, зомбулукту, коркутууну, алдоону, ошого тете башка мыйзамсыз аракеттерди жана катаал мамилени колдонуу менен алынган күбөнүн, шектүүнүн көрсөтмөлөрү, ошондой эле ага карата кыйноолорду колдонуунун натыйжасында алынган көрсөтмөлөр;

3) жабырлануучунун, күбөнүн жоромолго, божомолго, айыңга негизделген көрсөтмөлөрү, ошондой эле өзүнүн маалымат булагын көрсөтө албаган күбөнүн көрсөтмөлөрү;

4) ушул Кодексте белгиленген тартипте сурак учурунда жазык иши же жоруктар жөнүндө иш үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого же көрсөтүп берүүгө жөндөмсүз деп табылган адамдын көрсөтмөлөрү;

5) жазык иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга укугу жок адам тарабынан ар кандай процесстик аракеттерди жүргүзүүдө, ошондой эле четтетүүгө жаткан адамдын ага катышуусунда алынган маалыматтар;

6) илимий билимдерге каршы келген ыкмаларды колдонуу менен алынган маалыматтар;

7) айыптоочу тарабынан ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган башка далилдер.

5. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, сот далилдердин жол берилбестиги жөнүндө маселени чечип жатып, ар бир учурда жол берилген бузуу эмнеден айкын көрүнгөндүгүн тактоого жана жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга милдеттүү.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-83)
