# 81-берене. Соттук териштирүүгө катышуучу адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 81-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-81

---

1. Соттук териштирүүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төрагалык кылуучу соттун жабык отурумун өткөрөт, ошондой эле ушул Кодекстин 80-беренесинин 1, 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган чараларды кабыл алат.

2. Корголуучу адамдын, айыптоо тарабынын өтүнмөсү боюнча, ошондой эле жеке демилге боюнча адамдын жана анын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сот күбөнү суракка алуу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу:

1) псевдонимди колдонуу менен корголуучу адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды билдирбестен;

2) үнү жана тышкы келбети: акценти, жынысы, улуту, курагы, бою, дене түзүлүшү, келбети, басышы боюнча калган катышуучулардын корголуучу адамды таанып-билүүсүн болтурбаган шарттарда;

3) аны соттук териштирүүнүн башка катышуучулары, анын ичинде видео байланыштын жардамы менен көрүп байкоо жүргүзбөстөн.

Судья негизги өндүрүштөн бөлүнүп чыгарылган корголуучу адамдын анкеталык маалыматтарын сот отурумунун башка катышуучуларына, анын ичинде сот отурумунун катчысына көрсөтпөстөн сот отурумунун протоколунда жана (же) сот актыларында чагылдырбастан, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер менен таанышып чыгуу аркылуу суракка алынып жаткандын ким экендигин жеке өзү текшерет.

3. Төрагалык кылуучу видео-, үн жазууга жана суракка алууну жаздырып алуунун башка ыкмаларына тыюу салууга укуктуу.

4. Процесстин катышуучуларынын кайсы бирөөсү жокто же алардын көрүп байкоо жүргүзүүсүнөн тышкары сот тарабынан суракка алынган корголуучу адамдын көрсөтмөлөрүн төрагалык кылуучу сотто ушул корголуп жаткан адам жөнүндө маалыматтарды көрсөтпөстөн, бардык катышуучулардын көзүнчө билдирет.

5. Зарыл учурларда сот процесстин катышуучуларынын жана мыйзамда каралган башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чараларды да көрөт.

6. Соттук териштирүүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө соттун токтомун аткаруу жазыктык куугунтуктоо органдарына, жаза аткаруу мекемелерине жана органдарына жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-82)
