# 79-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун жана жазык процессине катышуучу башка адамдардын коопсуздук чараларын кабыл алуу милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 79-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-79

---

1. Эгерде иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу зомбулук же жазык мыйзамында тыюу салынган жорукту жасоо коркунучу жөнүндө маалыматтар бар болсо, өндүрүшүндө иш турган орган жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолуучунун жана жазык процессине кагышуучу башка адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Шектүүнүн, айыпталуучунун же кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашуу түзүлгөн соттолгондун, анын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурда, аталган адамдардын макулдугу менен ушул Кодексте жана мыйзамдарда каралган мамлекеттик коргоо жана коопсуздук чаралары колдонулат.

3. Өндүрүшүндө иш турган орган ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аталган оозеки (жазуу жүзүндөгү) арыздарынын негизинде же жеке демилгеси боюнча алардын коопсуздугуна чараларды көрөт, ал жөнүндө коопсуздук чараларын кабыл алуу тууралуу токтом чыгарат.

4. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучу адамдардын, алардын жакын туугандарынын, жубайынын алардын коопсуздугуна чараларды көрүү жөнүндө арыздары өндүрүшүндө иш турган орган, прокурор же сот тарабынан, алар алынган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирилбестен каралууга тийиш. Арыз ээсине тиешелүү токтомдун көчүрмөсүн жөнөтүү менен ага кабыл алынган чечим жөнүндө билдирилет.

5. Арыз ээси анын коопсуздугуна чараларды көрүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылгандыгы боюнча прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.

6. Эгерде мурда берилген арызда чагылдырылбаган жагдайлар келип чыкса, коопсуздук чараларын көрүүдөн баш тартуу аталган чараларды көрүү жөнүндө өтүнмө менен экинчи ирет кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-80)
