# 78-берене. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын, сот арачысынын, коргоочунун, эксперттин, адистин, соттук отурумдун катчысынын, сот приставынын коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 78-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-78

---

1. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья, сот арачысы, коргоочу, эксперт, адис, соттук отурумдун катчысы, сот приставы, ошого тете алардын жакын туугандары, жубайы мамлекеттин коргоосунда болот.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн адамдардын иштерди сотто же сотко чейинки өндүрүштү кароосуна байланыштуу, мамлекет мыйзамда каралган тартипте алардын өмүрүнө кол салуудан жана башка зомбулуктан коопсуздандыруу чараларын көрүүнү камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-79)
