# 77-берене. Ишке жабырлануучунун коргоочусунун, өкүлдөрүнүн катышуусун жокко чыгарган жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 77-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-77

---

1. Коргоочу, ошондой эле жабырлануучунун өкүлү төмөнкү иштер боюнча өндүрүшкө катышууга укуксуз:

1) эгерде алар мурда ишке судья, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, соттук отурумдун катчысы, күбө, эксперт, адис же котормочу болуп катышса;

2) эгерде алар сотко чейинки өндүрүшкө катышкан же болбосо катышып жаткан же бул ишти соттук кароого катышкан судьянын, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, соттук отурумдун катчысынын жакын туугандары, жубайы болуп саналса же болбосо юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө аны менен макулдашуу түзгөн процесстин катышуучусунун кызыкчылыгына анын кызыкчылыгы каршы келген адамдын жакын туугандары, жубайы болуп саналса;

3) эгерде алар жашы жетпеген шектүүлөрдүн, айыпкердин же аракетке жөндөмсүз адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналган учурлардан тышкары, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын кызматын ээлеп турушса;

4) эгерде алар өздөрү коргоп жаткан шектүүнүн, айыпкердин же өздөрү өкүл болгон жабырлануучунун кызыкчылыктарына анын кызыкчылыгы каршы келген адамга юридикалык жардам көрсөтүп жатса же мурда көрсөтсө.

2. Коргоочуну, жабырлануучунун өкүлүн четтетүү жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-78)
