# 76-берене. Адисти четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 76-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-76

---

1. Адис төмөнкү иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт:

1) ушул Кодекстин 65-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо;

2) эгерде ал мурда же азыр тергөөчүдөн, прокурордон, судьядан, шектүүдөн, айыпкерден, алардын коргоочуларынан, мыйзамдуу өкүлдөрүнөн, жабырлануучудан, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жоопкерден кызматтык же башка жактан көз карандылыкта болсо;

2. Жазык иши же болбосо жорук боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адисти четтетүү жөнүндө чечимди тергөө судьясы, тергөөчү же алгачкы текшерүү органын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кабыл алат. Сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди аталган жазык ишин же жорук жөнүндө ишти караган сот, же болбосо сотто төрагалык кылган судья соттук арачылардын катышуусу менен кабыл алат.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-77)
