# 75-берене. Экспертти четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 75-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-75

---

1. Эксперт төмөнкү иштер боюнча өндүрүшкө катыша албайт:

1) ушул Кодекстин 65-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо;

2) бул иш боюнча эксперт катары экспертизаны кайталап жүргүзүүгө катышкан учурда;

3) эгерде ал мурда же азыр тергөөчүдөн, прокурордон, судьядан, шектүүдөн, айыпкерден, алардын коргоочуларынан, мыйзамдуу өкүлдөрүнөн, жабырлануучудан, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жоопкерден кызматтык же башка жактан көз карандылыкта болсо;

4) эгерде ал бул иш боюнча ревизия жүргүзсө;

5) эгерде экспертиза маселелери анын компетенциясына кирбесе;

6) эгерде бул өндүрүшкө адис катары катышса.

2. Бул иште өлүктү сыртынан кароодо соттук-медицина жаатындагы адис катары эксперттин катышуусу экспертти четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Окуя болгон жерди кароого эксперттин катышуусу четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

4. Жазык иши же болбосо жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экспертти четтетүү жөнүндө чечимди тергөө судьясы, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кабыл алат. Сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди ал жазык ишин же жорук жөнүндө ишти караган сот же болбосо сот арачыларынын катышуусу менен сотто төрагалык кылган судья кабыл алат.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-76)
