# 74-берене. Котормочуну четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 74-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-74

---

1. Ушул Кодекстин 65-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар түзүлгөн учурда, ага тете эле котормочунун компетентсиздиги аныкталган учурда, ап иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер чыккан учурда, шектүү, айыпталуучу, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, жактоочу, айыптоочу, ошондой эле жабырлануучу же алардын өкүлдөрү тарабынан котормочуну четтетүү билдирилиши мүмкүн.

3. Эгерде котормочунун компетентсиздиги аныкталса, көрсөтмөлөрүн которуп жаткан күбө тарабынан котормочуну четтетүү билдирилиши мүмкүн.

4. Жазык иши же жорук боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө котормочуну четтетүү жөнүндө чечимди тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кабыл алат. Соттук өндүрүштүн жүрүшүндө аталган чечимди ушул жазык ишин жана (же) жоруктар жөнүндө ишти карап жаткан сот же сот арачыларынын катышуусу менен сотто төрагалык кылуучу судья кабыл алат.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-75)
