# 72-берене. Тергөөчүнү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 72-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-72

---

1. Тергөөчүнүн өзүн өзү четтетүүсү жана аны четтетүү жөнүндө маселе - тергөө бөлүмүнүн жетекчиси, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өзүн өзү четтетүүсү жана аны четтетүү жөнүндө маселе - алгачкы текшерүү органынын начальниги тарабынан чечилет.

2. Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын четтетүү жөнүндө арызы 24 сааттан кечиктирилбестен тергөө бөлүмүнүн жетекчисине же болбосо алгачкы текшерүү органынын начальнигине жөнөтүлөт жана алар билдирилген четтетүүнү токтоосуз чечүүгө милдеттүү.

3. Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өзүн өзү четтетүүсү жана аны четтетүү жөнүндө маселе чечилгенге чейин иш боюнча өндүрүш токтотулбайт.

4. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын, тергөөчүнү четтетүү жөнүндө өтүнүч канааттандыруудан баш тартылган учурда, четтетүүнү билдирген адам бул чечим боюнча прокурорго даттана алат.

5. Тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазык иши жана жорук жөнүндө иш боюнча териштирүүнү сотко чейин жүргүзүүгө мурда катышкандыгы аны четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-73)
