# 71-берене. Прокурорду четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 71-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-71

---

1. Иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө прокурорду четтетүү жөнүндө чечимди жогору турган прокурор, ал эми сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө ишти карап жаткан сот кабыл алат.

2. Прокурорду четтетүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартылган учурда, четтетүүнү билдирген адам бул чечимди тергөө судьясына даттана алат.

3. Сотко чейинки өндүрүшкө прокурордун катышуусу, ага тете эле анын соттук териштирүүгө катышуусу прокурордун ушул иш боюнча өндүрүшкө андан ары катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-72)
