# 70-берене. Процесстин катышуучулары билдирген четтетүүнү чечүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 70-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-70

---

1. Судьяны, ошондой эле процесстин катышуучуларын четтетүү жөнүндөгү маселе сот тарабынан атайын бөлмөдө чечилет.

2. Судьяга билдирилген четтетүү четтетилген судьяны катыштырбастан, калган судьялар тарабынан чечилет, мындай судья калган судьяларга өзүнө билдирилген четтетүүнүн жүйөсү боюнча өз түшүндүрмөсүн алдын ала ачык баяндап берүүгө укуктуу. Добуштар тең болуп калса, судья четтетилди деп эсептелет.

3. Бир нече судьяга же соттун коллегиясынын бүтүндөй курамына билдирилген четтетүү сот тарабынан коллегиянын толук курамында көпчүлүк добуш менен чечилет.

4. Тергөө судьясына, судьяга билдирилген четтетүү ушул четтетүү билдирилген судья тарабынан токтом чыгаруу менен чечилет.

5. Эгерде бир эле мезгилде судьяга, прокурорго, жактоочуга, өкүлгө, сот отурумунун катчысына, котормочуга, экспертке, адиске четтетүү билдирилсе, судьяны четтетүү жөнүндөгү маселе биринчи кезекте чечилет.

6. Судьяны, прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, коргоочуну, өкүлдү, соттук отурумдун катчысын четтетүү же четтетүүдөн баш тартуу жөнүндө соттун токтомуна, аныктамасына даттануу апелляциялык даттануу же каралган иш боюнча соттун чечимине сунуштама менен бир убакта берилет.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-71)
