# 69-берене. Четтетүү жөнүндө арызды канааттандыруунун натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 69-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-69

---

1. Тергөө судьясы, биринчи инстанциядагы сотто ишти карап жаткан судья ишти кароодон четтетилген учурда, бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн болбосо, анда иш жогору турган сот аркылуу биринчи инстанциядагы башка сотко өткөрүлүп берилет.

2. Апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы сотто ишти кароодо судьялар четтетилген учурда, иш ошол эле сотто, бирок башка курамда каралат.

3. Эгерде четтетүүнү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 68-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча апелляциялык инстанцияда ушул ишти ошол эле сотто кароо үчүн соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш жогору турган сот аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко өткөрүлүп берилиши керек.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-70)
