# 68-берене. Судьяны четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 68-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-68

---

1. Ушул Кодекстин 65-67-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар чыкканда, судья ишке катышуудан четтетилүүгө милдеттүү. Ошол эле негиздер боюнча тараптар судьяны четтетүүнү билдириши мүмкүн.

2. Четтетүү соттук кароо башталганга чейин, ал эми иш сот арачыларынын катышуусу менен каралган учурда - сот арачыларынын коллегиясы түзүлгөнгө чейин билдирилүүгө тийиш. Сот отурумунун андан аркы жүрүшүндө четтетүү жөнүндө билдирүүгө ал үчүн негиздер мурда тарапка белгилүү болбогон учурда гана жол берилет.

3. Мурда канааттандыруудан ошол эле негиздер боюнча баш тартылган судьяга экинчи ирет билдирилген четтетүү каралбайт.

4. Сот адилеттигин жүргүзүүдөн негизсиз баш тартууга жол берилбейт.

5. Судьяны четтетүү жөнүндө негизсиз арыз канааттандырылбайт.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-69)
