# 67-берене. Ишти кароого судьянын кайталап катышуусуна жол берилбестиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 67-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-67

---

1. Сотко чейинки өндүрүшкө катышуучу тергөө судьясы биринчи апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы сотто ошол эле ишти маңызы боюнча кароого катыша албайт.

2. Биринчи инстанциядагы сотто ишти кароого катышкан судья ошол эле ишти апелляциялык жана кассациялык тартипте кароого, ошондой эле ал чыгарган ишти кыскартуу жөнүндө өкүм же токтом (аныктама) жокко чыгарылгандан кийин, биринчи инстанциядагы сотто ошол эле ишти жаңыдан кароого катыша албайт.

3. Анын катышуусу менен чыгарылган соттун чечими жокко чыгарылган учурда, судья ишти апелляциялык жана кассациялык тартипте кароого кайталап катыша албайт.

4. Ишти апелляциялык, кассациялык тартипте кароого катышкан судья ошол эле ишти биринчи инстанциядагы сотто кароого катыша албайт.

5. Сот арачысынын катышуусу менен ишти кароого катышкан судья аны кассациялык тартипте кароодо, ошондой эле даттанууларды жана сунуштарды кассациялык кароонун натыйжасы боюнча сот арачысынын катышуусу менен соттун өкүмү алып салынган жана иш жаңы кароого жиберилген учурда, аны кароого катыша албайт.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-68)
