# 66-берене. Четтетилүүгө жаткан адамдардын иш боюнча өндүрүшкө катышуусуна жол берилбестик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 66-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-66

---

1. Ушул главада каралган четтетүү үчүн негиздер болгондо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья, соттук отурумдун катчысы, котормочу, эксперт, адис, коргоочу, ошондой эле жабырлануучунун өкүлдөрү иш боюнча өндүрүшкө катышуудан четтетилүүгө тийиш.

2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар иш боюнча өндүрүшкө катышуудан четтетилбесе, шектүү, айыпкер, мыйзамдуу өкүл, коргоочу, ошондой эле прокурор, жабырлануучу же алардын өкүлдөрү тарабынан четтетүү билдирилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-67)
