# 65-берене. Иш боюнча өндүрүшкө катышууну жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 65-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-65

---

1. Алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья иш боюнча өндүрүшкө катыша алышпайт, эгерде алар:

1) жабырлануучу, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адам же ал иш боюнча күбө болуп саналса;

2) сот арачысы, тергөө судьясы, эксперт, адис, котормочу, соттук отурумдун катчысы, шектүүнүн, айыпкердин коргоочусу, мыйзамдуу өкүлү, жабырлануучунун, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын өкүлү катары катышкан болсо;

3) бул иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын биринин жакын тууганы же жубайы болуп саналса.

2. Эгерде алар бул иштин натыйжасына жеке, тике же кыйыр кызыкдар деп болжолдоого негиз берүүчү башка жагдайлар болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-66)
