# 62-берене. Медиатордун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 62-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-62

---

1. Мыйзамдын талаптарына ылайык медиация жүргүзүү үчүн тараптар тартуучу көз карандысыз жеке жак медиатор болуп саналат.

2. Медиатор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) медиация тартибинде жарашуу жөнүндө макулдашууну (медиациялык макулдашууну) түзүүдө тараптарга көмөктөшүүгө;

2) медиациянын тараптары менен көзмө-көз жана жолугушуулардын санын жана узактыгын чектебестен купуя кездешүүгө;

3) эгерде бул жарашууга жардам бериши мүмкүн болсо жана бул жөнүндө медиациянын тараптары келишип албаса, талашка тиешеси бар башка катышуучулар менен өз ара аракеттенүүгө;

4) эгерде ал жүргүзүп жаткан медиациянын жол-жобосу тараптардын жарашуусуна алып келбейт деп эсептесе, медиация жол-жобосун өткөрүүдөн баш тартууга.

3. Медиатор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, же болбосо соттун жиберүүсү боюнча маалыматтык жолугушууда тараптарды кабыл алууга;

2) тараптарга жарашуу укугун, медиациянын маңызын жана принциптерин түшүндүрүп берүүгө;

3) медиациянын жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө келишимдин долбоорун даярдоого;

4) медиациянын тараптарына медиациянын жол-жобосун өткөрүүнүн жүрүшү жана этаптары жөнүндө маалымдоого;

5) эгерде тараптар бул жөнүндө келишип албаса, медиация жол-жобосунун купуялыгын сактоого;

6) жарашуу жөнүндө макулдашуунун (медиациялык макулдашуунун) долбоорун даярдоого;

7) тараптар медиациядан баш тарткан учурда, тараптарды медиацияга жиберген органга бул жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө кабарлоого;

8) эгерде медиация башталганга чейин же анын жүрүшүндө анын калыстыгына таасир көрсөтүүчү жагдайлар келип чыкса, медиация жол-жобосун жүргүзүүдөн баш тартууга.

3. Медиатор сотко чейинки өндүрүшкө жорук же кылмыш жөнүндө арыз катталган жана кабарланган учурдан тартып, ошондой эле сотко чейинки же соттук териштирүүнүн ар кандай баскычында катышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-63)
