# 60-берене. Адис

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 60-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-60

---

1. Экспертиза маселелерин коюу үчүн буюмдарды жана документтерди табууда, бекемдөөдө, алып коюуда, техникалык каражаттарды колдонууда көмөк көрсөтүү үчүн, ошондой эле тараптарга жана сотко өзүнүн кесиптик компетенциясына кирген маселелерди түшүндүрүү үчүн атайын билимдерге жана такшалууга ээ болгон, ишке кызыкчылыгы жок адам иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн адис катары тартылышы мүмкүн.

2. Адис төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүн чакыртуунун максатын билүүгө;

2) эгерде тиешелүү атайын билимдерге жана такшалууга ээ болбосо, иш боюнча өндүрүшкө катышуудан баш тартууга;

3) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын уруксаты менен тергөө аракеттеринин катышуучуларына суроолорду берүүгө;

4) өзү катышып жаткан тергөө аракеттеринин протоколу менен таанышууга жана протоколго жазылууга тийиштүү билдирүүлөрдү жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

5) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аракеттерине даттанууга;

6) өзү аткарган иш үчүн сыйакы алууга, жазык иши жана жорук жөнүндө иш боюнча өндүрүштө келтирилген чыгашалардын ордун толтуртууга.

7) салыштырып изилдөө үчүн зарыл объекттерди жана үлгүлөрдү алууга;

8) эгерде коюлган маселелер анын атайын билиминин чектеринен чыкса, изилдөө өндүрүшүнөн баш тартууга.

3. Адис төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чакыртуусу боюнча келүүгө;

2) тергөө аракеттерин жүргүзүүгө жана соттук териштирүүгө атайын билимдерди, тажрыйбаны жана илимий-техникалык каражаттарды пайдаланып катышууга;

3) өзү аткарган аракеттер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында тартипти сактоого;

5) иштин жагдайлары жөнүндө маалыматтарды жана ишке катышууга байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.

4. Адис өз милдеттерин аткаруудан жүйөлүү себептерсиз баш тартканда же качканда ага тартиптик жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-61)
