60-берене. Адис
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Экспертиза маселелерин коюу үчүн буюмдарды жана документтерди табууда, бекемдөөдө, алып коюуда, техникалык каражаттарды колдонууда көмөк көрсөтүү үчүн, ошондой эле тараптарга жана сотко өзүнүн кесиптик компетенциясына кирген маселелерди түшүндүрүү үчүн атайын билимдерге жана такшалууга ээ болгон, ишке кызыкчылыгы жок адам иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн адис катары тартылышы мүмкүн.
2. Адис төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүн чакыртуунун максатын билүүгө;
2) эгерде тиешелүү атайын билимдерге жана такшалууга ээ болбосо, иш боюнча өндүрүшкө катышуудан баш тартууга;
3) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын уруксаты менен тергөө аракеттеринин катышуучуларына суроолорду берүүгө;
4) өзү катышып жаткан тергөө аракеттеринин протоколу менен таанышууга жана протоколго жазылууга тийиштүү билдирүүлөрдү жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
5) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аракеттерине даттанууга;
6) өзү аткарган иш үчүн сыйакы алууга, жазык иши жана жорук жөнүндө иш боюнча өндүрүштө келтирилген чыгашалардын ордун толтуртууга.
7) салыштырып изилдөө үчүн зарыл объекттерди жана үлгүлөрдү алууга;
8) эгерде коюлган маселелер анын атайын билиминин чектеринен чыкса, изилдөө өндүрүшүнөн баш тартууга.
3. Адис төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чакыртуусу боюнча келүүгө;
2) тергөө аракеттерин жүргүзүүгө жана соттук териштирүүгө атайын билимдерди, тажрыйбаны жана илимий-техникалык каражаттарды пайдаланып катышууга;
3) өзү аткарган аракеттер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында тартипти сактоого;
5) иштин жагдайлары жөнүндө маалыматтарды жана ишке катышууга байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
4. Адис өз милдеттерин аткаруудан жүйөлүү себептерсиз баш тартканда же качканда ага тартиптик жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
60-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…билимдерге жана такшалууга ээ болгон, ишке кызыкчылыгы жок адам алынып салынды: жазык иши кошулду: иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн адис катары тартылышы мүмкүн.
2. Адис … иш боюнча өндүрүштө келтирилген чыгашалардын ордун толтуртууга.
кошулду: 7) салыштырып изилдөө үчүн зарыл объекттерди жана үлгүлөрдү алууга;
8) эгерде коюлган маселелер анын атайын билиминин чектеринен чыкса, изилдөө өндүрүшүнөн баш тартууга.
3. Адис төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соттун, тергөөчүнүн, алгачкы … баш тартканда же качканда ага тартиптик жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-60" title="60-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>