# 56-берене. Жазыктык-укуктук таасир этүү чаралары колдонулуп жаткан юридикалык жактын өкүлү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 56-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-56

---

1. Анын кызыкчылыктары боюнча жеке адам же юридикалык жак аркылуу жасалган кылмыштуу жосундарга байланыштуу жазыктык-укуктук таасир этүү чаралары колдонулуп жаткан юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылууга юридикалык жактын өкүлү катышуусу керек.

2. Төмөнкүлөр юридикалык жактын өкүлү боло алат:

1) юридикалык жактын ишин жөнгө салуу белгиленген документтердеги ыйгарым укуктарга ылайык жеке адам;

2) бул максат үчүн атайын берилген ишеним каттын негизиндеги жеке адам;

3) мыйзамда белгиленген тартиптеги адвокат.

3. Конкреттүү жазык ишинде жабырлануучу болуп саналган же жеке өзүнүн кызыкчылыктары же болбосо анын жакын туугандарынын, жубайынын жеке кызыкчылыктары жакталуучу юридикалык жактын кызыкчылыктарына карама-каршы келген адам, ушул иш боюнча шектүү же айыпталуучу юридикалык жактын өкүлү боло албайт.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-57)
