# 55-берене. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 55-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-55

---

1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жашы жете элек шектүү кармалган учурдан тартып же жашы жете элек шектүү биринчи суракка алынган учурдан тартып ишке катышат.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иштин материалдары менен таанышууга;

2) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттанууга жана аларды кароого катышууга.

3. Ишке катышкан учурдан тартип балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жашы жете электин турмуштук кырдаалына баа берүүгө жана талдоо жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы боюнча корутунду түзүүгө;

2) жашы жете электин социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн түзүүгө;

3) жашы жете электи социалдык, психологиялык, педагогикалык, медициналык реабилитациялоо боюнча чараларды анын камалуу себептерине негиздеп иштеп чыгууга;

4) жашы жете элек катышуучусу болуп саналган же катышуучусу боло турган процесстик иш-аракеттер жөнүндө жашы жете элек үчүн түшүнүүгө жеткиликтүү формада жашы жетелектин кабардар болуусун камсыз кылууга.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жашы жете элек жабырлануучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сотко чейинки өндүрүштө да, ошондой эле сотто дагы коргойт жана ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган укуктарды жана милдеттерди пайдаланат.

5. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан чогултулган материалдар анын өтүнүчү боюнча ишке кошо тиркелет.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-56)
