# 535-берене. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата жазаны аткарууну уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 65-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 535-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-535

---

1. Соттолгон адамды жазаны Кыргыз Республикасында өтөө үчүн кабыл алуу жөнүндө суроо-талап канааттандырылгандан кийин жана ушундай өткөрүп берүүгө чет мамлекеттин компетенттүү органынын макулдугу алынгандан кийин Башкы прокуратура бул адамды өткөрүп берүүнүн ордун, убагын жана тартибин макулдашуу жөнүндө жана бул адамды Кыргыз Республикасынын жазыктык-аткаруу системасына өткөрүп берүүнү уюштуруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырма берет.

2. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата жазаны Кыргыз Республикасында аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралган тартипте шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, мунапыс колдонулушу мүмкүн же кечирим берүү, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же өзгөртүү жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

2016-жылдын 22-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [534-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-534)
