# 534-берене. Чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткарууга байланышкан маселелерди соттун чечүүсүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 65-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-534>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-534.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 534-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-534

---

1. Башкы прокурордун сунуштамасын Жогорку сот соттолгон адамдын катышуусуз эле, ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө, өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн сот отурумунда карайт.

2. Чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу жөнүндө Жогорку соттун токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) чет мамлекеттин сотунун аталышы, өкүм чыгаруу убактысы жана орду;

2) соттолгон адамдын Кыргыз Республикасындагы акыркы жашаган жери, анын соттолгонго чейинки иштеген жери жана ишинин түрү жөнүндө маалыматтар;

3) жаран жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган кылмыштын Квалификациясы жана ал кайсы жазыктык мыйзамдын негизинде соттолгондугу;

4) соттолгон адам жасаган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган Кыргыз Республикасынын жазыктык мыйзамы;

5) соттолгон адам Кыргыз Республикасында өтөөгө тийиш болгон жазанын (негизги жана кошумча) түрү жана мөөнөтү, жаза башталган жана аяктаган мөөнөт, колониянын түрү, доо боюнча залалдын ордун толтуруунун тартиби.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча бул кылмыш үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтүнүн чеги өкүм боюнча дайындалган мөөнөттөн аз болсо, Жогорку сот бул жорукту жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган максималдуу мөөнөтүн аныктайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жаза катары эркинен ажыратуу каралбаса, Жогорку сот бул кылмыш үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектердеги жана чет мамлекеттин сотунун дайындаган өкүмүнө кыйла ылайык келген жазаны аныктайт.

Эгерде чет мамлекеттин сотунун өкүмү бардыгы Кыргыз Республикасында кылмыш болуп саналбаган эки же бир нече жоруктарга тиешелүү болсо, анда сот чет мамлекеттин сотунун өкүмү боюнча дайындалган жазанын кайсы бөлүгү кылмыш болуп саналган жоруктарга карата колдонула тургандыгын аныктайт.

4. Жогорку соттун токтому ал чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет жана аткарууну камсыз кылуу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

5. Чет мамлекеттин сотунун өкүмү жокко чыгарылган же болбосо чет мамлекетте чыгарылган мунапыс же кечирим берүү актысы колдонулган учурда, Кыргыз Республикасында жаза өтөп жаткан адамга карата кайра каралган өкүмдү аткаруунун, ошондой эле мунапысты же кечирим берүүнү колдонуунун маселелери ушул берененин эрежелери боюнча чечилет.

---

Мурунку берене: [533-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-533)  
Кийинки берене: [535-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-535)
