532-берене. Кыргыз Республикасынын жаранынын жазаны өтөөсү жөнүндө өтүнмөнү кароо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 65-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Чет мамлекеттин соту эркинен ажыратууга соттогон Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан жарандыгы жок адам, анын мыйзамдуу өкүлү же жакын туугандары, жубайы, ошондой эле соттолгон адамдын макулдугу менен чет мамлекеттин компетенттүү органдары соттолгон адамдын жазаны Кыргыз Республикасында өтөөсү жөнүндө өтүнмө менен Башкы прокуратурага кайрыла алат.
2. Башкы прокуратура соттолгон адамды жазаны андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө маселени карап чыгууга зарыл болгон документтерди чет мамлекеттин компетенттүү органдарынан суратууга укуктуу.
3. Башкы прокуратура чечим кабыл алуу үчүн сотко өтүнүч киргизет.
4. Өтүнмө канааттандырылган учурда Башкы прокурор же анын орун басарлары чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу жөнүндө сунуштаманы Жогорку сотко киргизет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
532-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-532" title="532-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>