# 531-берене. Эркинен ажыратууга соттолгон адамды жазаны өтөө үчүн чет мамлекетке берүүдөн баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 65-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-531>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-531.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 531-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-531

---

Эркинен ажыратууга соттолгон адамды өзү жараны болуп саналган мамлекетте жазаны өтөө үчүн берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) эгерде адамдын соттолушуна негиз болгон жосун соттолгон адам жараны болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары боюнча кылмыш деп табылбаса;

2) эгерде мөөнөтү эскиргендигинен улам же тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарында каралган башка негиз боюнча, жазаны чет мамлекетте аткарууга мүмкүн болбосо;

3) эгерде соттолгон адамдан же чет мамлекеттен жарандык доого карата өкүмдү аткаруунун кепилдиктери алынбаса;

4) эгерде соттолгон адамды эл аралык келишимде каралган шарттарда берүү жөнүндө макулдашууга жетишилбесе;

5) эгерде соттолгон адамдын Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жери бар болсо;

6) эгерде бул Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына залал келтириши мүмкүн болсо;

7) эгерде соттолгон адам айыкпас же оор дартка чалдыкса;

8) эгерде соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч алынган учурга карата эркинен ажыратуу мөөнөтүнүн өтө элек бөлүгү 6 айдан аз болсо;

9) эгерде чет мамлекеттин соту же компетенттүү органы Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүн тааныбаса же болбосо Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүн соттолгон адамдын жазаны чет мамлекеттин аймагында өтөөсүнүн тартибин жана шарттарын белгилебестен тааныса.

---

Мурунку берене: [530-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-530)  
Кийинки берене: [532-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-532)
