# 530-берене. Соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазаны өтөө үчүн өткөрүп берүүнүн шарттары жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 65-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-530>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-530.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 530-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-530

---

1. Кыргыз Республикасында соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазаны өтөө үчүн өткөрүп берүүгө бул адам эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп бүткөнгө чейин, соттолгон адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн же жакын туугандарынын, жубайынын өтүнүчү боюнча, ошондой эле соттолгон адамдын макулдугу менен тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын өтүнүчү боюнча жол берилет.

Эгерде соттолгон адам жаш курагынан, дене-бойлук же психикалык абалынан улам өз эркин ыктыярдуу түрдө билдире албаса, аны өткөрүп берүү анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

2. Өткөрүп берүү өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана Башкы прокурордун же анын орун басарларынын чечими боюнча жүргүзүлөт, алар болуп өткөн өткөрүп берүү жөнүндө өкүм чыгарган сотко билдирет.

---

Мурунку берене: [529-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-529)  
Кийинки берене: [531-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-531)
