# 53-берене. Жактоочудан баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 53-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-53

---

1. Шектүү, айыпталуучу жактоочудан баш тартууга укуктуу. Мындай баш тартууга шектүүнүн, айыпталуучунун өзүнүн демилгеси боюнча гана жол берилет жана иште прокурордун, ага тете башка шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жактоочуларынын катышуусуна тоскоолдук кылбайт.

2. Жактоочудан баш тартуу жактоочунун катышуусунда жүзөгө ашырылат.

3. Жактоочудан баш тартканда жактоо иши шектүүнүн, айыпталуучунун өзү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Ушул Кодекстин 52-беренесинде каралган учурларда шектүүнүн, айыпталуучунун жактоочудан баш тартуусуна жол берилбейт.

5. Шектүүнүн, айыпталуучунун жактоочусун ишке катышуудан бошотуу соттун аныктамасы, судьянын, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтому менен жол-жоболоштурулат.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-54)
