# 529-берене. Эркинен ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүү менен байланышкан маселелерди соттун кароосунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 65-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-529>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-529.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 529-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-529

---

1. Эркинен ажыратууга соттолгон адамды ушул адам жараны болуп саналган мамлекетте жаза өтөшү үчүн берүү жөнүндө чет мамлекеттин Башкы прокуратурасынын сунушун, буга тете соттолгон адамдын, анын өкүлүнүн, компетенттүү органынын кайрылуусун сот ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө карайт.

2. Зарыл маалыматтар толук эместигинен же жоктугунан улам, соттолгон адамды берүү жөнүндө маселени соттун кароосу мүмкүн болбогон учурда, судья аны кароону кийинкиге калтырууга жана жетпей жаткан маалыматтарды суроого же соттолгон адамдын кайрылуусун карабастан, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, зарыл маалыматты чогултуу үчүн, ошондой эле соттолгон адамды берүү жөнүндө маселени чет мамлекеттин компетенттүү органы менен алдын ала макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын компетенттүү органына жөнөтүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [528-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-528)  
Кийинки берене: [530-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-530)
