# 526-берене. Өткөрүп берилүүчү адамды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 64-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-526.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 526-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-526

---

1. Кыргыз Республикасы өткөрүп берилүүчү адамды берүүнүн орду, датасы жана убактысы жөнүндө чет мамлекетке билдирет. Эгерде бул адам өткөрүп берүү үчүн белгиленген күндөн тартып 15 сутканын ичинде кабыл алынбаса, ал, камактан бошотулушу мүмкүн.

2. Эгерде чет мамлекет өзүнө байланышпаган кырдаалдардан улам өткөрүп берилүүчү адамды кабыл ала албаса жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасына билдирсе, өткөрүп берүү датасы жылдырылышы мүмкүн. Ошол эле тартипте, эгерде Кыргыз Республикасы өзүнө байланышпаган кырдаалдардан улам өткөрүп берилүүчү адамды өткөрүп бере албаса, өткөрүп берүү датасы жылдырылышы мүмкүн.

3. Кандай болгон күндө да, адамды өткөрүп берүү үчүн белгиленген күндөн тартып 30 сутка өткөндөн кийин, ал бошотулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [525-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-525)  
Кийинки берене: [527-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-527)
