526-берене. Өткөрүп берилүүчү адамды берүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 64-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Кыргыз Республикасы өткөрүп берилүүчү адамды берүүнүн орду, датасы жана убактысы жөнүндө чет мамлекетке билдирет. Эгерде бул адам өткөрүп берүү үчүн белгиленген күндөн тартып 15 сутканын ичинде кабыл алынбаса, ал, камактан бошотулушу мүмкүн.
2. Эгерде чет мамлекет өзүнө байланышпаган кырдаалдардан улам өткөрүп берилүүчү адамды кабыл ала албаса жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасына билдирсе, өткөрүп берүү датасы жылдырылышы мүмкүн. Ошол эле тартипте, эгерде Кыргыз Республикасы өзүнө байланышпаган кырдаалдардан улам өткөрүп берилүүчү адамды өткөрүп бере албаса, өткөрүп берүү датасы жылдырылышы мүмкүн.
3. Кандай болгон күндө да, адамды өткөрүп берүү үчүн белгиленген күндөн тартып 30 сутка өткөндөн кийин, ал бошотулууга тийиш.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
526-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-526" title="526-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>