# 525-берене. Өткөрүп берүү үчүн камакка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 64-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-525>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-525.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 525-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-525

---

1. Чет мамлекеттин компетенттүү органынан талаптагыдай толтурулган суроо-талап алынган учурда жана адамды өткөрүп берүү үчүн мыйзамдуу негиздер бар болгон учурда, ал ушул Кодекстин 116-беренесинде белгиленген тартипте кармалышы жана ага карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулушу мүмкүн.

2. Өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчтү жөнөткөн чет мамлекеттин компетенттүү органына өткөрүп берүү убактысы жана орду жөнүндө сунуш кылуу менен адамды камакка алуу жөнүндө тез арада билдирилет.

3. Эгерде 30 сутканын ичинде өткөрүп берилбесе, камакта олтурган адам прокурордун токтому боюнча бошотулууга тийиш. Кайталап камакка алууга ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүп берүү жөнүндө жаңы талапты карап чыккандан кийин гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [524-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-524)  
Кийинки берене: [526-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-526)
