# 522-берене. Өткөрүп берилген адамдарды транзиттик ташуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 64-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-522>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-522.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 522-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-522

---

1. Кыргыз Республикасы эл аралык келишимге ылайык же өз аралык принциптин негизинде, тиешелүү суроо-талап боюнча чет мамлекетке жазыктык куугунтуктоо же жазаны аткаруу үчүн үчүнчү мамлекет өткөрүп берген адамды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик ташууга уруксат бере алат.

2. Адамды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик ташуу жөнүндө суроо-талап боюнча чечимди Башкы прокурор же анын орун басарлары кабыл алат.

3. Башкы прокурорунун же анын орун басарларынын транзиттик ташууга уруксаты же болбосо өткөрүп берилген адамды камакка алуу жөнүндө чет мамлекеттин соттук же башка компетенттүү органынын чечими Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик ташуу учурунда адамды камакта кармоо үчүн негиз болуп саналат.

4. Ушул Кодекстин 524-беренесинде каралган негиздер бар болгон учурда, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик ташууга уруксаттан баш тартылышы мүмкүн.

5. Аба жолу менен транзиттик ташуу учурунда, аны жүзөгө ашырууга уруксат аба кемесин Кыргыз Республикасынын аймагында ортодогу отургузуу учурунда гана талап кылынат. Бул учурда адамды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик ташуу жөнүндө суроо-талап жалпы тартипте каралат.

---

Мурунку берене: [521-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-521)  
Кийинки берене: [523-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-523)
