Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
521-берене. Чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 64-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан же соттолгон чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты Башкы прокурор же анын орунбасарлары эл аралык келишимге ылайык же өз аралык принциптин негизинде карайт. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө бир нече мамлекеттин талаптары болгон учурда адам кайсы мамлекетке өткөрүп берилүүгө тийиш экенин Башкы прокурор же анын орун басарлары чечет.
2. Адамды өткөрүп берүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) эгерде жазык мыйзамы бул жоруктарды жасагандыгы үчүн бир жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө жазаны же адамды өткөрүп берүү жазыктык куугунтуктоо үчүн жүргүзүлгөн алда канча оор жазаны караса;
2) эгерде өзүнө карата өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн адам кеминде 6 айлык мөөнөткө эркинен ажыратууга же алда канча оор жазага соттолгон болсо;
3) суроо-талап жөнөткөн чет мамлекет өзүнө карата өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн адам суроо-талапта көрсөтүлгөн кылмыш үчүн гана куугунтуктала тургандыгына жана соттук териштирүү аяктагандан жана жазаны өтөгөндөн кийин бул мамлекеттин аймагынан эркин чыгып кете аларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын макулдугу болмоюнча үчүнчү мамлекетке чыгарып салынбайт, берилбейт же өткөрүп берилбейт деп кепилдик бере алса.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн, кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан же чет мамлекеттин соту тарабынан соттолгон чет мамлекеттик жаранды же жарандыгы жок адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимди Башкы прокурор же анын орун басарлары токтом түрүндө кабыл алат.
4. Өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган адамга токтомдун көчүрмөсү тапшырылат.
5. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн чет мамлекеттин жараны Кыргыз Республикасынын аймагында башка кылмыш үчүн жаза өтөп жаткан учурда өткөрүп берүү жазаны өтөп бүткөнгө же ар кандай мыйзамдуу негиз боюнча жазадан бошотулганга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде жаран жазыктык жоопкерчиликке тартылган болсо, аны өткөрүп берүү өкүм чыгарылганга, жазаны өтөп бүткөнгө же ар кандай мыйзамдуу негиз боюнча жазыктык жоопкерчиликтен же жазадан бошотулганга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу жазыктык куугунтуктоонун мөөнөтү эскиришине алып келиши же кылмышты тергөөгө зыян келтириши мүмкүн болсо, өткөрүп берилиши өтүнмө боюнча талап кылынып жаткан адам убактылуу өткөрүп берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-521" title="521-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>