# 52-берене. Жактоочунун милдеттүү катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 52-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-52

---

1. Төмөнкү учурларда жактоочунун жазык сот өндүрүшүнө катышуусу милдеттүү, эгерде:

1) шектүүнүн, айыпталуучунун сүйлөө, угуу, көрүү органдарында олуттуу кемчилик болгондуктан, узакка созулган катуу оорудан, ошондой эле акыл-эстин начардыгынан, кем акылдыктан, башка дене-бойлук же психикалык мүчүлүштүктөрүнөн улам өзүнүн актоо укугун өз алдынча ишке ашыруу кыйын болгон учурда;

2) шектүүдө, айыпталуучуда өтүнүч бар болсо;

3) шектүү, айыпталуучу жазык сот өндүрүшүнүн тилин билбесе же жетиштүү деңгээлде билбесе;

4) шектүүнүн, айыпталуучунун жашы жете элек болсо;

5) адам өзгөчө оор кылмыш жасады деген шектенүү же күнөө коюлуп жатса;

6) шектүү, айыпталуучу мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы болуп саналса;

7) шектүүнүн, айыпталуучунун кызыкчылыктарынын ортосунда карама-каршылыктар болсо жана, жок эле дегенде, алардын бирөөсүнүн жактоочусу болсо;

8) жазык иши боюнча өндүрүшкө жабырлануучунун, жеке айыптоочунун өкүлү катышса;

9) жазык иши сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан каралууга тийиш болсо;

10) адамдын акыл-эсинин жайында экендиги шек туудурган, психикалык оорулар же акыл-эсинин ордунда экендиги шек туудурган башка маалыматтардын фактысы аныкталган учурдан тартып - медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды көрүү каралып жаткан же аларды колдонуу жөнүндө маселе чечилип жаткан адамдарга карата;

11) процесстик макулдашуу жана аны түзүү жөнүндө өтүнүч билдирилсе.

2. Сот тарабынан шектүүгө, айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө прокурордун өтүнүчүн кароодо жактоочунун катышуусу милдеттүү. Бул талап бөгөт коюу чараларынын мөөнөттөрүн узартуунун жол-жобосуна да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-53)
