# 519-берене. Кыргыз Республикасынын жаранын өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 64-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 519-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-519

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте, эл аралык келишимдин негизинде же өз ара мамиле принцибинин негизинде Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамды, эгерде ага карата айыптоо өкүмү же шектенүү жөнүндө кабарлама (аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом) чыгарылса, Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап менен чет мамлекеттин компетенттүү органына кайрылат.

2. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүүгө байланышкан жорук эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жазыктык түрдө жазалануучу болуп саналса жана аны жасагандыгы үчүн кеминде бир жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө же алда канча оор жаза каралса, - жазыктык куугунтуктоо үчүн өткөрүп берилген учурда же адам 6 айдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратууга соттолсо-өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берилген учурда өз ара мамиле принцибинин негизинде адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлөт.

3. Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) суроо-талап жөнөтүлгөн адамдын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, анын туулган датасы жана орду, жарандыгы, жашаган же жүргөн жери, мүмкүнчүлүккө жараша сырт келбетинин сыпаттамасы, фотосүрөтү, манжаларынын издери жана анын ким экендиги жөнүндө башка маалыматтар;

2) жоопкерчиликти караган мыйзамдын текстин келтирүү жана санкцияларды сөзсүз көрсөтүү менен жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү кырдаалдарын баяндоо;

3) кылмыштын натыйжасында келтирилген мүлктүк залалдын өлчөмү;

4) мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылган жер жана убакыт жөнүндө маалыматтар;

5) эл аралык келишимдерде каралган башка маалыматтар.

4. Жазыктык куугунтуктоо үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапка жаза чарасы катары камакка алууну тандоо жөнүндө соттун токтомунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш. Өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапка мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү жөнүндө маалымкат тиркелүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [518-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-518)  
Кийинки берене: [520-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-520)
