# 518-берене. Жазыктык куугунтуктоону улантуу же сотко чейинки өндүрүштү баштоо жөнүндө суроо-талапты аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 63-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 518-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-518

---

1. Чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган жана Кыргыз Республикасына кайтып келген Кыргыз Республикасынын жаранына карата сотко чейинки өндүрүштү андан ары улантуу үчүн жазыктык ишти чет мамлекеттин өткөрүп беришин Башкы прокуратура карайт. Мындай учурларда соттук териштирүү ушул Кодексте каралган тартипте жүргүзүлөт.

2. Кыргыз жарандыгы бар жана кылмыш жасаган жери боюнча өзүнө карата жазыктык куугунтуктоо башталганга чейин Кыргыз Республикасына кайтып келген адам чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган учурда, чет мамлекеттин компетенттүү органы Башкы прокуратурага берген бул кылмыш жөнүндө материалдар боюнча сотко чейинки териштирүүнү Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары баштай алат.

---

Мурунку берене: [517-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-517)  
Кийинки берене: [519-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-519)
