# 516-берене. Процесстик же соттук аракеттерди жасоо жөнүндө суроо-талапты аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 63-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 516-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-516

---

1. Сот, прокурор, тергөөчү ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча процесстик же соттук аракеттерди жүргүзүү жөнүндө чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабын белгиленген тартипте аткарат.

2. Эгерде эл аралык келишимдерде же өз ара мамиле принцибинин негизинде каралса, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келбесе, суроо-талапты аткарууда чет мамлекеттин процесстик ченемдери колдонулушу мүмкүн.

3. Өз ара мамиле принцибинин негизиндеги өз ара аракеттенүү жөнүндө эл аралык келишимде же жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерде каралган учурларда суроо-талапты аткарууда чет мамлекеттин тийиштүү уюмунун өкүлү катыша алат.

4. Эгерде суроо-талапты аткаруу башка ведомствонун компетенциясына кирсе, ал ошол ведомствого берилет, мында суроо-талап берген чет мамлекеттин компетенттүү органына же кызмат адамына бул тууралуу милдеттүү түрдө кабарланат.

5. Эгерде суроо-талап аткарылбаса, алынган документтер аны аткарууга жолтоо болгон себептерди көрсөтүү менен, аны алган орган аркылуу же суроо-талап берген чет мамлекеттин компетенттүү органына кайтарылат. Эгерде тапшырма Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келсе же аны аткаруу анын эгемендигине же коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн болсо, аткарылбастан кайтарылат.

---

Мурунку берене: [515-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-515)  
Кийинки берене: [517-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-517)
