516-берене. Процесстик же соттук аракеттерди жасоо жөнүндө суроо-талапты аткаруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 63-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
516-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 516-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Сот, прокурор, тергөөчү ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча процесстик же соттук аракеттерди жүргүзүү жөнүндө чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабын белгиленген тартипте аткарат.
2. Эгерде эл аралык келишимдерде же өз ара мамиле принцибинин негизинде каралса, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келбесе, суроо-талапты аткарууда чет мамлекеттин процесстик ченемдери колдонулушу мүмкүн.
3. Өз ара мамиле принцибинин негизиндеги өз ара аракеттенүү жөнүндө эл аралык келишимде же жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерде каралган учурларда суроо-талапты аткарууда чет мамлекеттин тийиштүү уюмунун өкүлү катыша алат.
4. Эгерде суроо-талапты аткаруу башка ведомствонун компетенциясына кирсе, ал ошол ведомствого берилет, мында суроо-талап берген чет мамлекеттин компетенттүү органына же кызмат адамына бул тууралуу милдеттүү түрдө кабарланат.
5. Эгерде суроо-талап аткарылбаса, алынган документтер аны аткарууга жолтоо болгон себептерди көрсөтүү менен, аны алган орган аркылуу же суроо-талап берген чет мамлекеттин компетенттүү органына кайтарылат. Эгерде тапшырма Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келсе же аны аткаруу анын эгемендигине же коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн болсо, аткарылбастан кайтарылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
516-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-516" title="516-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>