# 515-берене. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде жүрүшкөн күбөнү, жабырлануучуну, анын өкүлүн, экспертти чакыруу жана суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 63-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-515>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-515.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 515-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-515

---

1. Күбө, жабырлануучу, анын өкүлү, эксперт, эгерде алар чет мамлекеттин жарандары болуп эсептелсе, жазыктык иш өндүрүшүндө турган тиешелүү кызмат адамы тарабынан алардын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын аймагында процесстик же соттук аракеттерди жүргүзүү үчүн чакыртылышы мүмкүн.

2. Чакыртылган адамдын келгендиги жөнүндө суроо-талап ушул Кодекстин 512-беренесинде каралган тартипте жиберилет.

3. Күбөнүн, жабырлануучунун, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн процесстин башка катышуучуларынын катышуусу менен процесстик жана соттук аракеттерди өткөрүү ушул Кодекстин эрежелери боюнча ишке ашырылат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чакыруу боюнча келген адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөнгө чейин болгон жоруктардын же өкүмдөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында айыпталуучу катары тартылбайт, камакка алынбайт же жеке эркиндигине башка чектөөлөр коюлбайт. Эгерде чакыруу боюнча келген адам, анын келүүсү чакырткан кызмат адамы үчүн талап кылынбаган учурдан баштап үзгүлтүксүз 15 суткага чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүндүгү болуп туруп ушул аймакта кала берсе же кеткенден кийин Кыргыз Республикасына кайрылып келсе, иммунитетти колдонуусу токтотулат.

5. Эгерде бул адам Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттин компетенттүү органы же кызмат адамы тарабынан чакыруу жөнүндө суроо-талапта көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо үчүн убактылуу өткөрүлүп берилип жатса, чет мамлекеттин аймагында камакта турган адам ушул беренеде белгиленген тартипте чакыртылат. Мындай адам Кыргыз Республикасынын аймагында болгон бардык мезгилде камакта кармалат, аны камакта кармоонун негизи болуп чет мамлекеттин компетенттүү органынын тиешелүү чечими эсептелет. Бул адам суроо-талапта берилген жоопто көрсөтүлгөн мөөнөттө тиешелүү чет мамлекеттин аймагына кайтарылууга тийиш.

Өткөрүп берүү же андан баш тартуу шарттары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери же өз ара мамиле принцибинин негизиндеги кат жүзүндөгү милдеттенмелер менен аныкталат. Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 20-январындагы №02-р чечими

---

Мурунку берене: [514-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-514)  
Кийинки берене: [516-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-516)
