# 513-берене. Процесстик жана соттук аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талаптын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 63-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 513-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-513

---

Процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талап жазуу жүзүндө түзүлөт, ага аны жиберүүчү кызмат адамы кол коёт, тиешелүү органдын гербдүү мөөрү менен ырасталат жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) суроо-талапты жиберип жаткан органдын аталышы;

2) суроо-талап багытталган органдын аталышы жана жайгашкан жери;

3) жазыктык иштин аталышы жана суроо-талаптын мүнөзү;

4) суроо-талап багытталган жаткан адам жөнүндө маалыматтар, анын ичинде алардын туулган датасы жана орду, жарандыгы, ишинин түрү, жашаган жери же турган жери, ал эми юридикалык жактар үчүн - алардын аталышы жана жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар;

5) такталууга тийиш болгон жагдайларды баяндоо, ошондой эле суралуучу документтердин, буюм жана башка далилдердин тизмеги;

6) жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайлары, анын квалификациясы, Жазык кодексинин тиешелүү беренесинин тексти жөнүндө маалыматтар, ал эми зарыл учурларда, бул кылмыш менен келтирилген залалдын өлчөмү жөнүндө маалыматтар.

---

Мурунку берене: [512-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-512)  
Кийинки берене: [514-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-514)
